Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында менчиктешип кеткен бала бакчалардын 198и мамлекетке кайтарылды

2013-жылдан тарта өлкө боюнча 351 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын 198и кайтарылды.

"Алардын 146сы өз ишин аткарып жатса, калгандарында же оңдоо иштери, же оңдоо иштерине каражат табуу аракети жүрүүдө. Республикалык бюджеттен мектепке чейинки даярдыкты каржылоо 2015-жылы 12,3 миллиондон 229,9 миллион сомго, 2016-жылы 19 эсе жогорулаган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан