Кыргыз мамлекетинде сот органдары тарабынан 20 уюм террордук, анын ичинде 5 уюм экстремисттик деп таанылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков билдирди.
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев террордук деп таанылган уюмдардын тизмесин мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылган мамлекеттик органдын расмий сайтына да жайгаштырууну сунуш кылды. Демилгечилер бул сунушка макул болушту.
Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев "мыйзам долбоордо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик басылмаларга мезгил-мезгили менен террористтик деп таанылган уюмдардын тизмесин жарыялап туруусу керектиги белгиленген" деп билдирди.