Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Леонид Тузовдун операциясы үчүн Алмазбек Атамбаев президенттик фонддон 200 000 сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 13-март күнү 92 жаштагы Леонид Тузовго кол салуу болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз аял эшигин каккылап, боюнда бар экенин айтып, ажатканага кирип алууну суранган. Эшикти ачкан соң аны менен кошо дагы бир аял кирип, ардагердин колу-бутун таңып, 182 миң сом акчасын, мамлекеттик сыйлыктарын алып кетишкен. Ардагер ал акчаларды жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чогултуп жүргөнү маалым болгон.
Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 45 жаштагы тургуну Л.В. жана Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Н. кармалган.
Леонид Тузов 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1951-жылдан тарта Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенген. Физика-математика илимдеринин профессору. Бир катар мамлекеттик ордендер, медалдар менен сыйланган.