Бишкектин четиндеги Озёрное айылында 2-апрель күнү жол тандабастардын жарышы өттү. Автомобиль спортун даӊазалаган мелдеш 4 багытта: "Туризм", "Спорт", АТV жана "Абсолют" категориялары боюнча өтүп, жарышка Казакстандан да келип катышышты. Иш-чараны Бишкектеги автосүйүүчүлөр уюму уюштурган. Жеӊүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Жыйынтык:
"Абсолют" категориясы: Башкы кубокту Евгений Кузнецов менен Алья Альгин жеӊип алды. Экинчи орун - Талант Алыкулов жана Адилет Рысбек уулу, үчүнчү орун - Болот Мамытов жана Максат Адылбеков алды.
ATV категориясы: 1-орун - Рафаэль Теркулов, 2-орун - Талант Касымалиев, 3-орун - Ильяс Бегишев.
"Туризм" категориясы: 1-орун - Ян Кретович жана Александр Оторвин, 2-орун - Борис Корчагин жана Дмитрий Суворов, 3-орун - Элибек Ибраимов жана Рафаэль Теркулов.
"Спорт" категориясында унаалар эки топко бөлүнүп жарышты. Биринчи топтун жыйынтыгы: 1-орун - Евгений Горьковой жана Александр Гунин, 2-орун - Болот Мамытов жана Максат Адылбеков, 3-орун - Сергей Кривокобыльский жана Константин Жигулин.
Экинчи топтун жыйынтыгы: 1-орун Евгений Кузнецов жана Алья Альгин, 2-орун - Талант Алыкулов жана Адилет Рысбек уулу, 3-орун - Дамир Сариев жана Марат Озокеев.