SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмуш кургандан кийин эмнеге таң калдыңар эле?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эжеси тааныштырганда "жерге сууга койбой", "ичпейт, чекпейт" деп аябай эле мактаган. Турмушка чыккандан кийин ал кылыктарын көрүп көпкө чейин таң калып жүрдүм".
"Күйөөмдү башында романтик эмес деп ойлогом, көрсө, атабыз өтө эле романтик экен".
"Жолдошума эмес, өзүмө таң калдым. Абдан өзгөрдүм, "тилим чыкты", базардагы аялдарга окшоп бара жатат окшойм".
"Мен турмушка чыктымбы же бала багып алдымбы деп таң калам. Эртең менен жумушка кетире албай убарамын, "тур" десем эле, "биринчи сабак дене-тарбия" деп эле кыңылдай берет".
"Мурда мынчалык камкор эмес эле, өзүнчө токтоо мүнөз көрүнчү. Апасына кадимкидей жабышып, мышыкка окшоп эркелейт, оозум ачылып калган. Анан дагы "унаамды жуу" дейт, "жок, менин апам эс тартканымдан бери атамдын унаасын жууган эмес, мен дагы жуубайм, ал эркектин иши" деп тилим тешилди. Ал "жуу" дегенин койбоду же мен жууп койбодум".
"Сөгүнгөн сөздөрдү колдонгонуна таң калгам, менин атам, инилерим андай сөздөрдү колдончу эмес. "Ушинтип тарбиясы жоктор сөгүнөт" деп алып өзүм бир "муш жеп" таң калып, аябай ыйлагам".
"Мен тааныган адам таптакыр башкача болуп чыкты. Сөгүнгөн адамды ушунчалык жек көрчү элем. Менин атам апамды сөккөнүн көргөн эмесмин да. Бирок антип жаман сөздөр менен сөгө берсе көңүлүн калып кетет экен. Азыр эч "ичим жылыбайт", муп-муздак муздай болуп тоңуп калгам".
"Келин болуп барганыңдан кийин "келин көрдү" дешип, киши үзүлбөй кошуналар, туугандар келе берет эмеспи, ошентип үйдөн 2-3 күн адам үзүлбөдү, анан 4 күн дегенде деле туугандар кире беришти, таң калдым, "бул эмнеси, качан кетишет?" деп, көрсө, кошуналарыбыздын баары туугандар экен".
"Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным болду, сөздүн кыскасы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.