Өзбекстанда Голливуд актёру Морган Фримен катышпаган тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды

Өзбекстанда тасмаларга лицензия берүүчү кызматы Daydi ("Алдамчы") аттуу тасманы өлкөнүн кинотеатрларынан көрсөтүүгө тыюу салды. Timur Films аттуу продюсердик компания тасмасынын жарнамалык такталарына атактуу Голливуд актёру Морган Фримендин сүрөтүн пайдаланган. Тасманы күтүп, анын тизерин көргөн көрүүчүлөр "продюсердик компания афишасына атактуу актёрду кошуп элди алдап жатат. Ал эми сатыкка чыкчу тасмада ал катышпайт экен, тасмага тыюу салынсын" дешет.

Тасманын постерлеринде жана тизерлеринде чындыгында аталган Голливуд актёрунун жүзү көрүнөрүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Podrobno агенттигинин билдиргенине караганда постерге Морган Фримендин "Акыркы рыцарь" (2015) тасмасындагы мавритандык ак сөөктүн ролун жараткандагы образы колдонулган.

Ал эми тасманы тарткан продюсердик компания бул боюнча пикирин билдирип, актёр тасмада бар же жок экенин ачыктай элек. Тасма жергиликтүү 2 көзөмөл органынан өтмөйүнчө сатыкка чыгарууга тыюу салынды.

Маалымат үчүн: Морган Фримен - америкалык актёр жана кинорежиссёр. "Миллионго бааланган балакай" (2005) тасмасында экинчи планда жараткан ролу үчүн "Оскар" алган. "Шоушенгден качуу", "Жети", "Слевиндин бактылуу саны" сыяктуу тасмалары аркылуу таанымал. Быйыл 1-июнда 80 жашка чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ekaterinburg
2017-03-15 17:02:24
Шустрыйлык кыла коелу дешкен экен да)))Морган Фримен да сотко берсе болот смело.Атын сатып акча кылып атышкан учун.
+7
BlackMan
2017-03-15 17:13:46
ekaterinburg,Морган Фримен актёр, ажо эмес! Ошону бир билип кой!
-11
ekaterinburg
2017-03-15 17:36:41
BlackMan,билем актер экенин.Ажо деп жазыптырмынбы?Жон эле койбодун да ушуну...
+11
BlackMan
2017-03-15 18:17:40
ekaterinburg,Сөзүмдү башкача түшүнүпсүз!)
-2
Alibay
2017-03-15 17:36:44
BlackMan,Ажо дебеди окшойт))))
+6
tyrgon
2017-03-16 00:47:44
Alibay, атамбаев сотко бердиго ошого окшотуп жатат менимче ))
+3
Djal1987
2017-03-15 18:03:13
BlackMan,тоо десе бээ депсиз.
+10
R_u_S
2017-03-15 18:27:16
BlackMan, акча өндүргүдөй президент эмес дегиң барбы?
+10
Kanzada97
2017-03-15 18:13:02
дарт десе балее дегиле эми
-6
scorp
2017-03-15 19:16:53
Эка шерменде болбо)))
-3
Lion.
2017-03-15 20:08:54
scorp, хаха )))☺
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан