КҮНСЕРЕП: Атамбаев соттон утуп чыгарына ишенет

Бүгүн, 15-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жеринде жаӊы дайындалган 5 өлкөнүн элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталары тапшырылып бүткөндөн кийин "журналисттер жакыныраак жылгыла, силерге айтчу кебим бар" деген президент ММК өкүлдөрүнө атайын "сабак" өттү.

Сөздү алыстан баштаган Атамбаев 25 жылдык эгемен тарыхында Кыргыз мамлекети 2 революцияны башынан өткөрүп, үлүшүнө реалдуу сөз эркиндиги бар Кыргыз Республикасын түзүү мүмкүнчүлүгүн алганын баса белгиледи. Анын пикиринде, өлкөдөгү бүгүнкү сөз эркиндигинин абалына "Кудайга шүгүр" деп баа берүүгө мүмкүн. Кыргыз мамлекети сөз эркиндиги боюнча коӊшулардан алдыда баратканын дагы бир ирет журналисттерге эскертип өттү президент. 11-мартта ажо ММКлардын абалы жөнүндө билдирүү жасап, анда айрым маалымат булактары атайы президенттин беделин түшүрүү максатында иштеп, ушак, жалган-жалаа таратып жатканын айткан эле. Тагыраагы, сөз эркиндигин айрымдар чектен аша пайдаланып жатканын катуу сындаган. Бүгүнкү кездешүүдө Атамбаев демократиянын чордону делген АКШ, Германия, Улуу Британия, Италия, Бельгия өӊдүү мамлекеттерде ММКлар ушак таратканы үчүн катуу жоопкерчилик тартарын айтып, журналисттерге "көзүӊөрдү ачкыла!" деди. "Азаттык" радиосу менен "Заноза" сайты миллиондогон суммада чет элден каржыланарын белгиледи. Буга чейин Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" сайтын "президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтиргени үчүн" деп сотко берген. "Азаттыктан" 20 миллион сом, "Занозадан" 6 миллион сом өндүрүү жагы каралууда. Бул басылмалар ушак таратканына, аны сот аркылуу далилдеп бере аларына ажо ишенимдүү, ошон үчүн "талап кылынган акчанын көлөмү көп экен деп ыйлабай эле койгула, демөөрчүлөрү төлөп беришет" деди президент. Өзүнүн сөзүнө таянсак, Атамбаев президент катары ММКларда айтылып жаткан ушактарга, каралоолорго жөн карап тура албайт. 11-марттагы билдирүү да чыдамдын кеткенинин белгиси. "Эркиндик - баарынан мурда жоопкерчилик. Бардык эркиндик, башкалардын эркиндиги бузулган жерден бүтөт. Сөз эркиндигин так ушул өӊүттөн кароо керек", - дейт өлкө жетекчиси.

Так ушул учурда Жогорку Кеӊештин трибунасында депутат Жанар Акаев сөз эркиндиги, журналисттерди чектөө аракеттери жөнүндө оюн айтып жаткан. Депутат журналисттер маалыматты саясатчылардан алып жазарын, эгер журналисттер жоопко тартылса, маалымат берген саясатчылар да тартылсын деген пикирде. Ал негизинен журналисттерди колдоп сүйлөп, азыркы бийликке 2010-жылга чейинки тарыхты эскертти. "Кимдир-бирөөлөр Акаев менен Бакиевдин диктатордук режимин эӊсеп жатса, айтып коёлу, андай болбойт. Эгер өткөндөн сабак албасак, маӊдайыбызга Шералынын чокоюндай кылып, мурунку президенттерге каршы эл кантип көтөрүлүп чыкканы жөнүндө сүрөттөрдү илип алалы", - деп сунуштады Акаев.

Негизи демократиялык коомдо жарандарда дайыма пикирлерин ачык айтуу, эркин ой жүгүртүү, ал оюн ортого салып талкуулоого укугу болушу керек. Бийликтин позициясына дал келбеген пикир айткандарды куугунтуктоо, коркутуп-үркүтүү, камоо Кыргыз өлкөсүндө эки бийликтин түбүнө жеткен. Андыктан демократиялык коомдо сынга, эркин пикир билдирүүгө ар дайым орун болушу шарт.

Ушул тапта бийлик ушактар жазылып жатат деген аргументти бетке кармап жатат. Президенттин сөзүнө таянсак, жергебизде каттоодон өткөн 2561 жалпыга маалымдоо каражаты бар. Булардын кимиси объективдүү, кимиси бир тараптуу экенин окурман, көрөрмандар өздөрү аныктап алганы туура. "Эл тараза, эл сынчы". Эл өзү ар тараптан маалымат алып, өзү жыйынтык чыгарууга укуктуу.

"Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовго ачылган кылмыш иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мөөнөтү бүттү. Комиссия мүчөлөрү бир жолу да жыйынга чогулган жок, 1 айлык мөөнөт текке кетти. Жогорку Кеӊеште комиссиянын мөөнөтүн узартуу сунушу талаш-тартыш менен добушка коюлуп, колдоо тапкан жок.

Буга "ата мекенчи" депутаттар нааразы. Салянова маселе добушка коюулардын алдында залда жүздөй депутат отурса, добуш берүүгө келгенде көбү сыртка чыгып кетишкенин айтууда. Сунушка каттоодон өткөн 98 депутаттын 55и гана добуш берди, 50дөн кем эмес депутат "макул" деп добуш беришсе комиссиянын мөөнөтү узармак. Бирок сунушту 30 гана депутат колдоду. Салянова бүгүнкү "ата мекенчи" 3 депутаттын абалы башка депутаттардын башына түшүшү мүмкүн экенин эскертип, колдобой коюшкан кесиптештерине "таарыныч" билдирди. Комиссияга мүчө болуп кирген депутат Рыскелди Момбековдун билдиришинче, комиссия мүчөлөрү бир да жолу жыйынга чогулган жок, атүгүл төрагасы шайланбаган бойдон калды. Комиссия 2017-жылдын 8-февралында Аида Саляновага кылмыш ишинин ачылышы боюнча түзүлгөн. 1-мартта комиссияга Шыкмаматов менен Текебаевге ачылган кылмыш иши боюнча да териштирүү жүргүзүү милдети жүктөлгөн эле. Ошентип убактылуу комиссия максатына жеткен жок. Адатта, депутаттык комиссиялар маанилүү окуялар боюнча талаш жараткан жагдайларды, ал иштин мыйзамдуулугун иликтеп, корутунду чыгарат. 2010-жылдан бери Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун кармалып, камакка алынышы өӊдүү ири окуяларда депутаттык комиссия иштеген...

Парламентте Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда колдоо тапты. Долбоорду 101 депутат колдоп, 6 депутат каршы добуш берди. Мыйзам долбоору 2016-жылдын июнунда 1-окуудан кызуу талаш-тартыштар менен өткөн. Демилгечи депутаттардын бири Кожобек Рыспаев өлкөдөгү маалымат каражаттарын ачып иштетүүдө сырттан алынган каражаттын үлүшү 35 пайыздан ашпасын деген чек коюлуп жатканын, мындай чектөө телеканалдарга гана тийиштүү болорун айтты.

Убагында депутаттар бул долбоорду "сөз эркиндигин чектейт" деп сындап чыгышкан. Мисалы, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко аракет мамлекеттик эмес телеканалдарды чектөөгө багытталышы мүмкүн деген кооптонуу бар экенин айткан эле. Ал демилгечилерге: "Балким, силер жарандарды мамлекеттик ММКлар берип жаткандан айырмалануучу маалыматтардан коргоону көздөп жатасыңар? Ошентип эле айтпайсыңарбы?- деп чыкканы белгилүү. Рыспаев мыйзам террорчулардын Кыргыз жериндеги телеканалдарды сатып алып жеке кызыкчылыгына пайдалануусуна жол бербөөнү көздөй турганын айтууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында маалымат каражаттарын негиздөөгө мамлекеттик органдарга, юридикалык жактарга жана өлкөнүн атуулдарына гана укук берилет. Ошентип бир жыл мурун катуу каршылыкка тушуккан демилге бүгүн 101 депутаттын колдоосу менен кийинки этапка өттү. Мыйзамдын маӊызы депутаттарды чын эле ынандырдыбы? Ушундай суроо жаралды...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан