Мухаммедкалый Абылгазиев: "Германиянын биздин өлкөгө колдоо көрсөтүүлөрүн жогору баалайбыз"

Бишкекте бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасы менен Германиянын эксперттеринин катышуусунда "Айыл чарба, энергетика жана инновация" аталышындагы форум өттү. Анда Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекети менен Германиянын ортосунда айыл чарба жана энергетика тармагында кызматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар" деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө экинчи жолу өткөрүлүп жаткан иш-чара эки тараптуу сүйлөшүүлөр үчүн жакшы аянтча болуп берерин кошумчалаган. Аны менен катар эки өлкөнү инвестиция жаатында көп ири долбоорлор бириктирип турганын жана алардын жыйынтыгы эки өлкө үчүн да байкаларлык болуп жатканын баса белгиледи.

"Германия тараптан биздин өлкөгө энергетика, билим берүү, медицина, айыл чарба тармагында колдоо көрсөтүүлөрүн жогору баалайбыз. Аны менен бирге Германия биздин өлкөгө ири суммада гранттык негизги колдоо көрсөтүп келе жатат. Кыргыз өлкөсү ЕАЭБдин курамына киргенден кийин 180 миллион калкы бар рынокко чыгууга жол ачылды. Бул багытта да Германия менен бирге ишке ашыра турган бир топ долбоорлор бар", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuke1988
2017-03-15 19:00:08
Баяагы эле жегичтер елге Бир пайдасы жок
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-16 10:57:12
Германиядан колдоо кутпой озунор меенерди иштетпейсинерби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан