"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Кулжанын борбордук көчөсү быйыл оңдолот

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун борбордук көчөсү быйыл оңдолот. Бул тууралуу аталган райондун акими Каныбек Алиязов бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.

"2015-жылы районубузга президент Алмазбек Атамбаев келгенде жергиликтүү тургундар бул жол маселесин көтөрүп чыгышкан. Анда президент Транспорт жана жолдор министрине жакшы жакка чечип берүү тапшырмасын берген. Быйыл жергиликтүү бюджеттен 4,5-5 миллион сомдой каралып жатат. Министрлик менен биргеликте борбордук көчөнүн 6 чакырымы оңдолот", - деди аким.

Эскерте кетсек, окурман аталган райондун борбордук көчөлөрүнүн абалы тууралуу билдирип, "качан оңдолот?" деген суроо салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
myrzakarimovich
2017-03-15 23:39:50
Оо кара кулжа биз баргычакты бутуп калат экенда жолдору
+1
Ulantay
2017-03-16 01:58:41
Ошол бүтсө жакшы. Жери саздактуу Россияда жол куруу кымбат болсо,бизде деле ошондой го. 1км почти 700-800 миң сомдон сарпталат экен.Урматтуу аким,сизге өтө эле жирный болбойбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан