Каржы министри экономика жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду германиялык делегация менен талкуулады

Кыргыз Республикасынын каржы министри Адылбек Касымалиев 14-мартта Германия Федеративдик Республикасынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин парламенттик статс-катчысы Ханс-Йоахим Фухтель жетектеген германиялык делегация менен жолугушту. Бул тууралуу каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Германиялык делегациянын курамында Федералдык канцлердин Кеңсесинин, алдынкы немец каржылык институттарынын жана Германиянын ири компанияларынын өкүлдөрү болушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашарылып жаткан долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүшүп, экономиканын ар кыл чөйрөлөрүндөгү башка потенциалдуу долбоорлор боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Кыргыз мамлекети мындан ары өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган алдынкы немец финансы институттары менен тыгызыраак кызматташууга кызыкдар экендиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алдын ала көрүлгөн бардык чаралар элдин жыргалчылыгынын өсүшүн жогорулатууга багытталгандыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан