Бишкек шаарына заманбап перинаталдык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Канат Ирназаров бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор 10 миллион долларга курулат жана бул каражатты Германиянын өнүктүрүү банкы камсыздайт. Перинаталдык борбор Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүнүн жанына салынат.
"Бүгүн, 16-мартта Германиядан келген делегация менен министр Талантбек Батыралиев жолукту. Делегациянын катарында аталган банктын куратору Катя Поерелли да болду. Борборду куруу боюнча тендерге 10 компания катышты. 2-турда 3өө калды. Эми мыйзамга ылайык, алардын ичинен бирөө тандалат, бир жуманын ичинде министрлик долбоордун планын жөнөтөт", - дешти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул долбоор Германиянын өнүктүрүү банкы каржылап жаткан жалгыз долбоор эмес экенин баса белгилеп, Жалал-Абадга да чукул медициналык бөлүм куруларын маалымдады.