Москвада бүгүн мигранттардын балдары үчүн чыгарылган китептин бет ачары болот

Орусиядагы Эл достугу университетинде бүгүн, 16-мартта мигранттардын орус мектептерде окууну пландап жаткан же окуп жаткан балдары үчүн чыгарылган китептин бет ачары болот. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

"Азыркы тапта Орусия Федерациясына келген мигранттардын балдары милдеттүү түрдөгү орус тилинде билим берген орто мектептер окуп жатып олуттуу, психологиялык көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн. Мындай маселелер системдик жактан көңүл бурууну талап кылат. Ал үчүн атайын адабий китептер, мектепке чейинки билим берүүдөгү кошумча программалар талап кылынат. Орусияда мындай маңыздагы пилоттук программалар бар. Жаңы мекендештердин Орусияда социалдык маданий жааттан көнүшүүсү үчүн бирдиктүү системдин элементи катары методикалык окуу куралдары иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, китептин бет ачарынан кийин билим берүү тармагында иштеген адистердин катышуусунда тегерек стол өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан