Маданият министри Түгөлбай Казаков: "Келечекте электрондук китепканага өтүү керек"

"Келечекте электрондук китепканага өтүү керек", - деп бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди.

"Технологиянын жаңы каражаттары көп нерсени жеңилдетет. Улуттук китепкана өздөрүнүн күчү, эл аралык уюмдардын жардамы менен бир топ иштерди жасашты. Бүтүндөй республикага жайылтуу үчүн каражат керектелет. Биздин сурап жатканыбыз үч гана нерсе. Биринчиси китепканалардын фондун толтуруу, экинчиси гезит-журналдарга жазылуу, үчүнчүсү китептерди электрондук вариантка которуу. Китепканалар маалымат борбору болсо жакшы болот", - деди ал.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз бүгүнкү күндө китепканалардын абалы чоң колдоого муктаж болуп жатканын айтты.

"Ошону менен катар эле улуттук китепкана жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Аталган китепкананын жетекчиси тажрыйбасы менен башка китепканаларга да жайылтуусу керек. Маданий очок болуусу зарыл", - деди Садык Шер-Нияз.

Учурда парламентте “Китепкана иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан