Мындан 25 жыл мурун, 1992-жылы 16-мартта "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында туулган. Самат Эркинбек уулун куттуктап байланышка чыксак, туулган күнүндө маанайы эң жогору экенин айтты. Алгачкылардан болуп күлкү жаратуучуну жубайы куттуктап, көптөгөн жакындары, достору куттуктап жатышканын кошумчалады.
"Үйгө жумуштан кийин түндө барсам, келинчегим жаркылдап, тамагын берип куттуктады. Андан кийин эле досторум чалып башташты. Негизи жыл сайын эле туулган күнүмдө шаардан кетишим керек болуп калат. Бул жылы да жумуштап, шашып бир жакка бара жатсам, Патрулдук милициянын кызматкери тосуп калды. Ал байке "Дооронсуңбу, Саматсыңбы?" деп күлүп сурап калды. Күбөлүгүмдү берсем, "туулган күнүң менен" деп куттуктап сүйүнттү, ага чейин туулган күнүмдү унутуп деле коюптурмун", - деп күлдү "тамашоучу".
Бул анын милиция кызматкерлери менен болгон жалгыз окуясы эмес экенин билдирип, дагы бир окуясын айтып берди:
"2 жыл мурун туулган күнүмдө шаарга шашып бара жатып, ылдамдыкты жогорулатып жибергем. Ошондо күбөлүгүмдү алдырып жибергем. Негизи ар дайым эле ылдамдыкты жогорулатып кармалып кала берем".
Ал эми кечинде досторунун, келинчегинин курчоосунда борбордо шерине тосору белгилүү болду.
Самат Эркинбек уулу 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77-мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы аяктаган. "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа 2", "Көк салкын", "Көк салкын 2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист" тасмаларында роль жараткан.
16-марттын жылнаамасы.