Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылындагы трансформаторду тосуу боюнча райондук тармактар ишканасына билдирүү берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына
Төө-Моюн айыл аймагынын башчысы Санжар Абдуллаев билдирди.
"Бул трансформаторду тосууга жергиликтүү эл айыл өкмөткө, депутаттарга кайрылбай туруп маалыматты порталга берип жибериптир. Буга 6-7 миң сомдой акча жумшалат. Учурда 3 миң сом элден чогулган акча бар. Биздин айыл өкмөт өзүн өзү каржылай албагандардын катарында. Бул боюнча РЭСке билдирүү беребиз. Алар айланасын тоспосо, аргасыз өзүбүз тосууга туура келет. Бирок биздин жергиликтүү бюджет бекилип калган. Трансформатордун айланасын тосууга бюджеттен акча бөлүнгөн эмес", - деп билдирди айыл аймак башчысы Абдуллаев.
Маалыматка ылайык, Төө-Моюн айылында 13 айыл бар. Эске салсак, окурман буга чейин "Элдик кабарга" "айланасы тосулбай жаткан трансформатор жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жаратууда" деп билдирген.