Өкмөттө Боинг кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн чогулган каражатты бөлүштүрүү жолдору каралды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка кабылган "Боинг-747" учагынан жабыркаган жарандар үчүн ачылган ӨКМнын атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча 16-мартта жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Биринчи вице-премьер-министр ӨКМнын атайын эсеби 2017-жылдын 15-мартында жабылганын айтып, жалпы болуп 96 миллион 532 миң 026 сом 61 тыйын чогулганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев акчалай каражатты бөлүштүрүүгө Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, авиа кырсыктан жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары катыша турганын кошумчалап, бөлүштүрүү процедуралары ачык болушу зарылдыгын айтты. Жыйында Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү каражатты бөлүштүрүү тууралуу өз сунуштарын айтышты.

Мындан тышкары биринчи кезекте аткарылуучу тапшырма ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын маселесин, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январындагы авиа кырсыктан жабыркагандарга атайын эсеп ачуу, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur_zhoni
2017-03-16 21:26:14
Ата энеси жана башкалары жок калган бала бар элего ошого счёт ачып 18жашка толгондо гана ала турган кылыш керек акчаны. Ал баланы багып алам дегендерда кобойуп жатат
+1
taalai9411
2017-03-17 00:09:00
Уваууу шумдук акча чогулгангооо
0
Kroxa
2017-03-17 13:14:14
Бул го элден чогулган каражат,,,ал эми авиакомания менен окмоттон эмне жардам болунот экен????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан