ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ: Белгилүү акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо 81ге толмок

Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо бүгүн, 17-мартта 81 жашка толмок. Ал 1936-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин аяктаган. 1965-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.
Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенген. Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген.
Салижан Жигитов Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси (1991-1993), КРнын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору жана башка кызматтарды аркалаган.
2003-жылы "Акыйкат жана прогресс" партиясына мүчө болуп өткөн, 2004-жылы "Жаңы багыт" коомдук-саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон. С.Жигитов 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору, жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, ырлардын да ээси. Анын азилдеринин нечени кагаз бетине түшө да элек. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Салижан Жигитов 2006-жылы 10-февралда көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

17-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан