Мындан 15 жыл мурун, 2002-жылы 17-мартта эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган милициянын отряды 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500дөй адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80дей адам жаракат алган.
2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев 17-мартты Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
17-мартка карата жылнаама