Айыл чарба министринин орун басары: "Мал союучу жайлар чоң көйгөй жаратууда"

"Мал союучу жайлар чоң көйгөй жаратууда", - деп 16-мартта айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

Чодуев мал чарбачылыгында жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр дагы бар экенин айтты.

“Бул боюнча кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдук жараткан учурлар бар. Мамлекетте жалгыз бир гана ишкана иштейт. Анын продукциясын Орусияга экспорттоого жана мал союучу жайларды көбөйтүүгө аракет кылуудабыз”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары облус, район жетекчилерине ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилгендигин белгиледи.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов: "Эттер текшерилбестен кафе же башка тамактануучу жайларга жөнөтүлүп жаткандыгы кейиштүү. Мындай көрүнүштү токтотуу үчүн ветеринардын уруксаты жок эч бир сатылуучу мал барзарга чыкпасын деген тыюу салуу зарыл. Себеби мал союлган жерде алардын каны текшерилбей, бардыгы аралашып жаткандыгы ар кандай оорулардын жайылышына алып келет", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан