Майлуу-Сууда 1,75 миллион куб метр жер кыртышы сүрүлдү. Үйлөр кооптуу абалда (фото)

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында сүрүлгөн жер кыртышынын көлөмү болжол менен 1,75 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 8:00 чамасында шаардын Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Восточный көчөсүндөгү колоттун баш жагынан жер кыртышы сүрүлүп, көчөнүн батыш тарабында жайгашкан 8 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Ошондой эле Сары-Бээнин Горький көчөсүндөгү № 34, 40, 45-турак үйлөргө жер көчкүсү сүрүлүп түшүү коркунучу пайда болгон.

"16-мартта жер көчкү коркунучу пайда болгон аймактарга ӨКМнын адистеринен ыкчам топ түзүлгөн. Адистер жер көчкү коркунучу бар аймактарга барып көрүп, Горький көчөсүндөгү кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерге токтоосуз көчүрүп чыгаруу жана Восточный көчөсүндөгү 6 үй-бүлөнү көзөмөлгө коюу зарылдыгы боюнча жергиликтүү шаардык мэрияга эскертме берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан