Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан Эстелигине гүлчамбар койду.
Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500дөй адамга каршы ок атып, бул күнү 6 киши каза болуп, 80дей адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.