Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылууну Аксыда, окуяны эскерүү иш-чарасында президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков окуп берди. Анда булар айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргыз мамлекетин бүт дүйнөгө дүӊгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан берки “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!
Аксы окуясы болбосо 2005-жылкы Март жана 2010-жылкы Апрель революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргыз Республикасынын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон.
Бүгүн баарыбыз адилеттик, чындык үчүн өмүрүн берген эр-азаматтар Эркиналы Четинбаевди, Кадыркул Сапаралиевди, Медетбек Бекмуратовду, Сатинбай Үркүнбаевди, Советбек Тагаевди, Элдияр Үмөталиевди эскерип, эстелигине таазим этебиз. Аксылыктарды колдоп, ачкачылык жарыялап, каза тапкан бишкектик Шералы Назаркуловду эскеребиз. Жаткан жерлери жаннатта болсун!
Мындан 15 жыл мурда канкор бийликтин огунан жарадар болгон, таягынан запкы жеген эр-азаматтарга таазим этебиз.
Урматтуу мекендештерим!
Аксы окуясы кыргыз элинин намысын ойготту. Кыргыз мамлекетинин тарыхын башка нукка бурду. Бийлик элди өзү билгендей бийлөөгө, каалагандай калчап, кордоого кыргыздар жол бербей тургандыгын көргөздү. Тилекке каршы, Аксы окуясы кийинки бийликтерге сабак болбоду. Ошондуктан 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде элибиз эки жолу үй-бүлөлүк-кландык бийликти күч менен кулатууга аргасыз болду.
Урматтуу мекендештер!
Азыр кыргыз эли, Кыргыз мамлекети башка.
Биз соӊку тарыхыбыздын эң оор үч ашуусун аштык, сыноолорун жеӊдик. Мындан ары биз баарылап жергебизде жаратман, билимдүү, акылдуу коомду курабыз деп ишенем. Анткени кыргыз эли тереӊде жаткан бай маданий дареметин, бекем руханий күчүн тапты. Кандай гана оорчулуктар болбосун жеӊе аларыбызга, өз күчүбүзгө ишендик. Намыскөй, ийгиликтүү, патриот жарандар катмары жаралды. Бир сөз менен айтканда, өсүп-өнгөн, бакубат өлкө курууга негиз түзүлдү. Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча өлкөбүздүн башкаларга караганда алдыга озгону – буга далил.
Буга чейин элибиз каарман, намыскөй сапаттары менен көптү таӊдандырса, эми жоктон барды жасаган, ийкемдүү, технологиялык жетишкендиктерди бат өздөштүргөн касиеттери менен таӊдандырат деп ишенем.
Эгер 15 жыл мурда сырттан изилдөөчүлөр, журналисттер Кыргыз жерине, Аксыга тополоӊдорду көргөнү, жазганы келишсе, эми Аксыга мээнеткеч жана меймандос элин, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын таанылгыс болуп өзгөрүүдө.
Аксы эле эмес, бүт өлкөбүз өзгөрүп, өнүгүп жатат. Ажайып жаратылышыбыз, көчмөндөр маданияты менен салттарынын жанданышы дүйнөнүн көӊүлүн бурду. Эл аралык рейтингдер боюнча Кыргыз мамлекети туристтер сөзсүз келип көрүүгө сунушталган дүйнөдөгү он өлкөнүн катарына кирди. Эми биз кыргыз керемети менен баарын таӊдандырабыз!
Бардыгыӊыздарга аманчылык, жакшылыктарды каалайм!
Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге тынчтык, береке берсин!"