Жарылган колбанын сыныгы көзүнө кирип, көрбөй калган окуучунун мугалими жумуштан бошотулду

Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Макмал орто мектебинде эрежелер сакталбай жүргүзүлгөн химия илими боюнча тажрыйбанын айынан көзү көрбөй калган окуучунун мугалими жумуштан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, №1-Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин кезексиз педагогикалык кеңешмесинин отуруму өткөрүлүп, химия мугалими Жазгүл Жанкорозованын маселеси каралган.

"Жыйынтыгында 2017-жылдын 14-мартында №4 протоколу түзүлүп, Ж.Жанкорозова окуучунун жаракат алгандыгы үчүн жумуштан бошотулду. №1-Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Апал Базаровага жана окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Н.Атамкуловага эскертүү жазасы берилди", - дешти билим берүү бөлүмүнөн.

Ал эми жабырлануучу Эмир Абдыкадыровго бөөдө кырсыктан жабыркаганы тууралуу М-1 формасындагы маалым кат берилбейт экенин мектеп директору билдирди.

"Маалым катты узакка бербей жатканыбыздын себеби, ал тууралуу жобонун жоктугу болду. Жобону 16-мартта алдык. Эмирдин апасы Гүлнара Карабаеваны чакыртып бирге карап чыктык. Жобого ылайык, окуучуларга М-1 маалым кат берилбейт экен. Кырсык тууралуу акт түздүк. Актыны Эмирдин апасына бердик. Анын уулун майыптыкка чыгаруу үчүн болгон документтерди берүүгө даярбыз. Буга чейин комиссия түзүлгөн, анын да жыйынтыгын күтүп жаттык", - дейт А.Базарова.

Ал эми химия боюнча тажрыйба жүргүзгөн Жазгүл Жанкорозова 2002-жылдан бери аталган мектепте үзгүлтүксүз иштеп келгени маалым болду.

"Мугалим тажрыйбаны 4 окуучуга жүргүздүрүптүр. Ал эми Эмир 3-4 метр алыстыкта көрүп туруптур. Тажрыйба маалында окуучулардын бири колбанын оозун жаап коюптур. Жарылуу ошонун айынан болгон. Мугалим алардын ишин байкап турушу керек болчу. Окуу-тарбия иштери боюнча орун басарыма да, мага да, бул тажрыйба тууралуу маалымат берип, бекиттирген эмес. Атамкулова тажрыйба башталып калганда барыптыр, "ушунча окуучунун көзүнчө токтотпой эле коёюн" дептир. Ал эми мугалим "миң уккандан, бир көргөн артык" деген ой менен тажрыйба жүргүзгөнүн айтты", - деди директор.

Эмир Абдыкадыровдун атасы Абдырасул Кыдырбаев уулунун абалы азыр жакшы экенин айтып, 30-мартта боло турган операцияга даярданып жатышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aibars
2017-03-18 16:59:15
Химиялык эксперименттер жургондо атайын коз айнектер колдунулуусу зарыл. Эгер заттар менен иштегенде ар кандай реакция журуусу кутулот. Жок дегенде 5 коз айнек алып коюшса болбойбу?
+9
Begim94
2017-03-18 18:50:40
Жумуштан бошосо эле маселе чечилбейтда мугалимдин шалаакы мамилесинен бир козунон айрылды
+2
Aika96
2017-03-18 18:58:07
Техника безопасности деген кайда? Мугалимди кочодон эле жетелеп келишкенго деген ой келет экен.
0
AIZAD
2017-03-18 20:30:59
Кырсык да. 15жыл жакшы эле иштеген экен го
+1
Kroxa
2017-03-18 21:16:12
Кырсык дейбиз бирок сактансан сактайм дейт атайын коз айнектерди кийип тажыйырба жургузуу керек же бет кап (маска)кийуу туура болмок,,,сакайып кетсин окуучу...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан