Дарыканалардын, жеке менчик медициналык уюмдардын, медициналык, фармацептикалык кадрлардын электрондук базасы түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда аталган база медициналык жабдууларды эффективдүү колдонууну, жеке менчик мекемелердеги кырдаалды жана лицензияда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
"Маалыматтык база калкка медицина жана фармацептикалык тармагында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен, мамлекет тарабынан бул тармакты жөнгө салуу аракеттерин жөнөкөйлөтөт. Электрондук база аркылуу медициналык каражаттардын баасы, ассортименти тууралуу маалымат жеткиликтүү болот. Анын негизинде дары-дармек менен камсыздоо жаатында баалар жөнгө салынат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары лицензия үчүн документтерди онлайн режиминде жөнөтүүгө болору маалым болду.