Кыргыз Республикасында кыргыз тили боюнча жогорку окуу жайлардын арасында V олимпиада өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиаданы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту уюштурган.
Олимпиадага Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун кыргыз филологиясы багытында окуп жаткан 1-2-3-курстун студенттери катышып, ал 3 турдан турган: I тур тест, II тур жазуу (эссе), ал эми III тур оозеки түрүндө (долбоорду коргоо). III турга катышуу укугуна ээ болгон беш окуу жайдын 14 студенти “Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон жеке салымым” деген темада долбоор даярдашкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
1-орунду К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти Бегалы Токтогулов алды. 2-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти Чолпонай Кубанычбекова ээледи. 3-орунду Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти Бегайым Нурлан кызы алды. Жеңүүчүлөр акчалай жана китептер менен сыйланышканы маалым болду.