Депутат: “Өкмөткө Кара-Балта жолун оңдоодо Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын сактоо тапшырмасы берилди”

“Өкмөткө Кара-Балта жолун оңдоодо Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кайдыгер мамиле кылбоо тапшырмасы берилди”, - деп бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

"Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде 15-мартта аталган жолду оңдоо иштери тууралуу талкуу өттү. Анда өкмөт өкүлдөрү тендер бүтүп калганын айтып, келишим сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришти. Комитеттин мүчөлөрү эң башкысы өлкөнүн кызыкчылыктары сакталышы жөнүндө тапшырма берди", - деди ал.

Депутаттын айтымында, талкууга Транспорт жана жолдор министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук банктын, Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү катышкан.

Эске салсак, 14-мартта "Бир бол" фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев аталган комитеттин жыйынында Кара-Балта жолун оңдоону көзөмөлдөн чыгарбоо керек экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан