“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 1 миӊден ашуун кызматтык бош орундар бар”, - дейт депутат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 1 миӊден ашык кызматтык бош орундар бар. Мындай маалыматты бүгүн, 17-мартта "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламентте журналисттерге билдирди.

"Айыл жергесине билимдүү жаш кадрлардын келбей жатканы кейиштүү. Ал жерде иштеген кызматкерлер 5-6 миӊ сом айлык маяна алат. Анан кантип кадрлар иштеп калышат? Мен өзүм дагы кезинде айыл өкмөтүн жетектегендиктен, алардын абалын жакшы түшүнөм. Жаш кадрларга шарт түзүү зарыл”, - дейт ал.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров азыркы учурда өлкөдө 453 айыл аймагы болсо, анын 83 пайызы дотацияда отурганын белгиледи.

"Кадрдык саясатты өзгөртүп, айыл өкмөттөрүндө иштеген кызматкерлердин адистик даярдыгын, билим деӊгээлин жогорулатуу зарыл. Ошондо жергиликтүү бюджетти толтуруу иши жакшырып, дотацияда отурган айыл аймактарынын саны азаят", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн айыл башчыларын түз шайлоого багытталган мыйзам долбоору боюнча аты аталган эки депутат талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriotkgz93
2017-03-17 18:04:30
Кана шарт түзүп орточо айлыкты 15 миң сом кылып койсоңор. Талашта калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан