SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бойдоктук жакшыбы же?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мүмкүн болушунча эртерээк үйлөнүш керек, "ойноп алайын, кийин үйлөнгөндө токтотуп коём" десең жаңылышасың. Бойдокчулукта кандай болсоң, үйлөнгөндөн кийин ошол эле көрүнүш, келечегиңди ойлосоң, анда азыртан ойлон, бирөөнү гана сүйүүгө үйрөн".
"Бойдок жүргөнгө не жетсин? Кеңири басасың, турасың, "каяктасың, эмне кылып жатасың" деген сыяктуу аялыңдын адаты болгон сөздөрү жок болот".
"Биз, кыргыздар кызык элбиз, биринчи үйлөнүүнү чечип, анан кыз издейбиз, албетте, баары эмес. Үй-бүлө куруу олуттуу кадам, анан да анын өзүнүн түйшүгү бар: кантип багасың, каякта жашайсың? Алар көйгөй жаратпаса, өмүрлүк жарды туура тандай билүү керек. "Өмүр бою ушул адам менен жашай аламбы, сыйлай, барктай аламбы?" деп жүз жолу ойлонуу керек".
"Үй-бүлө куруп, турмуштун ысык-суугун көрүп, жашооң алда канча кызыктуу болсо керек. Ал эми бойдокчулукта окшош күндөр болгону менен, ашыкча маселеге баш оорутпайсың".
"Досум бар, бойдокчулуктун доорун бирге, жакшы эле сүрдүк го, чиркин. Ошол кезде эч кимге сөз бербейт эле "э, койчу, бойдок жүргөн жакшы" деп. Жакында эле үйлөндү, "муну билгенде эбак эле үйлөнүп алат элем" деп айтып калат, демек, үйлөнгөн жакшы".
"Жалгыздык жанга батты, бойдоктук жаман экен. Кана, кыз тапканымда мен деле үйлөнүп алмакмын. Түндөсү жаздыгымды кучактап жалгыз жатам. Жалгыздыктан ар кандай санаага батам. Бойдоктор, сиздерде да ушундай акыбалбы же жалгыз эле менби?"
"Үйлөнгөн жакшы, ишиң жүрүшөт. Кыздарга карай берген ж.б. ушуга окшогон адаттарың калат, далай күнөөлөрдөн арыласың. Уйкудан туруп, бети-колуңду жууп чыга электе, чай куюлуп, тамак даяр болот, бойдокчулуктагыдай өзүң суу кайнатып, "доширак" жасап жемей жок. Эркек үчүн уул төрөп берсе, башка дагы не керек? Жашоонун маңызы ушул экен".
"Жаштыгым кайтып келсе, турмушка чыкмак эмесмин" деп отурсам, балам чуркап келип, "апа, көтөрчү мени" деп бетимден өөп койсо, жүрөгүм жылып, оюм кайра өзгөрүп кетти".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.