СУПЕРСТАН: "Жаш балдар ичимдик ичпегиле, 40 жаштан кийин аялыңарга жарабай калбагыла"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектердин ал-кубаттан эрте тайыш себептери" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Билишимче, эркектерибиз акыркы убакта, тактап айтсак, 30 жаштан кийин эле көпчүлүгү 1-2 жолуга араң жарап калат, андан сырткары жыныс мүчөлөрү да кичине, эмне себептен мындай болуп жатат? Кандай кам көрүүгө болот?"

"Себеби ичкилик жана баңгилик, мектептен баштап ичүү көбөйдү. Арак менен потенция бири-бирине каршы. "Кайф" деп ичишет, анан 30 жашка жетпей потенцияга "кош бол" дей баштайт. Жаш балдар, ичимдик ичпегиле, эртең эле 30-35-40 жаштар келет, анан аялыңарга жарабай калбагыла".

"Эркектердин ал-кубаттан эрте тайышынын себеби тамактар бүт эле химикат болуп кетти. Илгеркидей пайдалуу тамактар жок. Илгери бир кыш чыкканча 2-3 кой союп жешкен, азырчы, килограммдап алабыз, тамакка өлчөп кошобуз. Ток этер жерин айтканда, жеп жаткан күнүмдүк тамагыбыздын түздөн түз тиешеси бар".

"Насывай да күч-кубатты төмөндөтөт".

"Спорт менен машыккыла, арак, тамекиден алыс болуп, "көрүнгөндөргө" барбагыла, оору жукса алсыз болуп калышыңар мүмкүн, атка жайдак минсе да пайдалуу болот экен".

"Бул нерсе башыман өткөн, азыр күн алыс машыгуучу залга барам, азыраак болсо да жакшы эле жардам берет".

"Массаж жасап жүргөндөр 30дан өткөндө эле алсыз болуп калышат. Себеби аялды массаж кыла берип, кармаганда дүүлүкпөй калат. Аялдардын жылаңач жүрүүсү да ушундай эле нерсе, жайында кыздар кыска, жука, ачык кийимдерди кийишет, аны биринчи жолу көргөн эркек дүүлүгүп "каалап" калат, ал эми дайыма көрүп жүргөндөр көңүл деле бурбайт, дүүлүкпөйт дагы, ошол себептен азыр эркектер эрте эле аялдын денесине тоюп калат. Эгер кыздар денесин жаап жүрсө, эркек дайым "суусап" турат. Ошондуктан аялзатын кичине жабык кийинсе деп ойлойм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nemo2016
2017-03-18 15:12:15
ээ мадырабаштар ойунарга келгенин оттоп журо бересинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан