Маалыматка караганда трагедиялуу жол кырсыгы боюнча Орусиянын тийиштүү органдары иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Анын негизинде кырсыктан каза болгон Е.Лексиндин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси каралат.
"Жол кырсыгынын экинчи катышуучусунун күнөөсү бар же жоктугу такталат. Ошого жараша жазаны аныктоо үчүн тергөө амалдары бүткөндөн кийин аталган иш Орусия Федерациясынын соттук инстанциясына өткөрүлүп берилет", - деп билдирет элчилик.
Эскерте кетсек, кырсык 16-февралда Бишкекте "Манас" аэропортуна кетчү жолдо болгон. Анда "Мерседестин" айдоочусу, Кыргыз жараны 62 жаштагы Евгений Лексиндин баш мээси жабыркап, ооруканадан каза болгон. Ал эми орусиялык элчиликтин кызматкери, "Тойота-Прадо" унаасынын айдоочусу Виктор Пуховдун жамбаш сөөгү сынган.
Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда, катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу "Мерседести" сүзгөн.