Бүгүн, 18-мартта Бишкек шаары боюнча ишембилик өткөрүлмөк. Кар жаашынан улам иш-чара кийинки аптага жылдырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Урматтуу шаар тургундары, уюмдар жана мекемелер! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди 25-мартта жана 22-апрелде боло турган жалпы шаардык ишембиликке чакырат" деп айтылат маалыматта.