Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги окуу жайлардын биринде Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага студенттер, мектеп окуучулары, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, "Раззаков" көркөм тасмасынын жаратуучулары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкектеги ЖОЖдордон жана мектептерден келген командалар "Раззаков" темасына арналган интеллектуалдык оюнга катышышты. Жеңүүчүлөргө Республикалык "Исхак Раззаков" фонду тарабынан белектер ыйгарылды.
Белгилей кетсек, коомдук ишмер жана тарыхый инсан Исхак Раззаков 19-мартта дүйнө салган. Иш-чаранын негизги максаты жаштардын арасында Раззаковдун өмүрүн, ишмердүүлүгүн даңазалап, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого салым кошуу болду.