ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: 38 жыл мурун коомдук ишмер Исхак Раззаков каза болгон

Мындан 38 жыл мурун, 1979-жылы мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон.

Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги техникумду, Москвадан пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде: 1936-1938-жылдары мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон.
И.Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада экономикалык советтин мүчөсү, пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече шайланышына депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуштагы эрдиги үчүн жана башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.
19-мартка карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alaikuu_Kan-Korgon
2017-03-20 00:38:39
Атаганат кана эми ушундай инсандар дагы чыкса
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан