Өзгөн районунда жер көчкү түшүп, унаа жолду тосуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчкү 19-марттан 20-мартка караган түнү саат 00:10дор чамасында Ак-Жар айыл аймагынын Какыр айылы менен Көлдүк айыл аймагынын чектешкен жеринде түшүп, унаа жолду тосуп калган. Учурда жер көчкүнүн көлөмү такталууда.
"Учурда унаалардын өтүүсүнө айланма жол бар. Жер көчкү түшкөн жерге Ак-Жар айыл аймагынын башчысы, Көлдүк айыл аймагынын башчысы ӨКМнын куткаруучулары барышып, жер көчкүдөн эч кандай кыйроолор жана жабыркагандар жок экендигин такташкан. Ошондой эле айыл башчылар тарабынан жер көчкү түшкөн жерге унаалар өтпөөсү үчүн шарттуу белгилер коюлган", - деп билдирди басма сөз кызматы.