Акын, жазуучу Жыпар Исабаева 50 жашка толду, Ал 1967-жылы 20-мартта Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган. Мектеп курагынан басма сөздөргө ("Кыргызстан пионери", "Ленинчил жаш" ж. б.) жарыялап, ыр, аңгеме, кабарларын чыгарып турган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУнун) филология факультетин аяктаган.
Жыпар Исабаева "Жыландын сүйүүсү", "Махабат мазары", "Канат менен Зарина", "Алыкулду сүйгөн кыз", "Бир үзүм от" жана башка китептердин автору. "Арзуу", (Гүлбү Орозкул кызы), "Баарын кайрадан баштайлычы", (Азиза), "Сени издейм", (Гүлнара Кахарова), "Издеп жүрөм" (Мая) өңдүү обондуу ырлардын сөзүн жазган. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү жана А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты.
20-мартка карата жылнаама