Аида Касымалиева депутат катары аялдардын укугун коргоого басым жасайт

Жогорку Кеӊешке депутат болуп келчү Аида Касымалиева аялдардын укугун коргоо маселесине басым жасайт. Бул тууралуу Касымалиева өзү 2015-жылы, парламенттик шайлоонун алдында шайлоочулар менен жолугушууда билдирген.

"КСДП социалдык тармакка багытталган партия бойдон калууда жана аялдардын укугун коргоо менин парламенттеги ишимдин негизин түзөт. Беш жылда көп иштер жасалды, көбүн дагы улантуу керек. Жаш саясатчы катары үстүнөн иштей турган маселелерди аныктап алам. Биз баарын көз ачып жумганча жакшы жагына өзгөртүп жиберебиз деген популисттик билдирүүлөрдөн алысмын. Бирок ийгиликке жетүү, чечкиндүү кадамдарды жасай аларыбызга ишеним бар", - деген Касымалиева.

Белгилей кетсек, жакында Жогорку Кеӊештин депутаты Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган. Партиянын тизмеси боюнча анын бошогон ордуна Икрамжан Илмиянов келмек, бирок ал тизмеден чыгууга арыз жазганы белгилүү болду. Тизме боюнча Аида Касымалиеванын депутаттык мандат алары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан