Бүгүн, 20-мартта бир катар чет мамлекеттердин президенттери кыргыз элин жана мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмон куттуктоо телеграммасында: "Биздин өлкөлөр көөнөрбөс идеалдарга таянуу менен, мындан ары да өз ара достук жана пайдалуу кызматташтык алака-катыштарын бекемдеп жана өнүктүрө берет деп ишенем", - деп белгиледи. Ал президент Алмазбек Атамбаевге жана Кыргыз мамлекетинин меймандос элине бакыт, жакшылык, тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүүчүлүккө жана жемиштүү кызматташтыкка ширелген достук мамилелер дагы бекемдей берүүсү айтылган. "Мен биздин элдин жакшылыгы үчүн мындан ары дагы өсүп-өнүгөт деп бекем ишенем", - деп белгиленет телеграммада.
"Бул майрам күндөрү Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы коңшулук мамилелердин мындан ары чыңдалышын жактайбыз. Биргелешкен күч-аракеттер узак жана көп пландуу өнөктөштүктү биздин потенциалга ылайык бийиктикке көтөрө алабыз деп ишенем", - деп белгиленет Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоевдин куттуктоосунда.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин: "Быйыл жыл башында сиздин Кытайга сапарыңыздын маалында биздин иштиктүү жана үзүрлүү сүйлөшүүлөрдү зор канааттануу менен эстейм. Көп тараптуу кызматташтыкты жаңы тепкичтерге жылдыруу үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даярмын", - деп айтылат.