Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги “Аккула” ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтүүдө. Оюндардын жалпы байге фонду 1 миллион 135 миң сом. Иш-чаранын жүрүшүндө эр эңиш, көк бөрү, ат чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Азыркы тапта эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталып жатат.
Ушундай эле ат оюндары Ош шаарында да жүрүп жатат.