КҮНСЕРЕП: Ыркы жок үйдү коногу менен коңшусу бийлейт

Бүгүн, 20-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

“Эки англиялыктын башы бириккен жерде сөздүн башы аба ырайы болот” деп коюшат. Анын сыңары, азыр ар эки адамдын оозанганы эле кечиккен жаз болуп жатат. Айдоо иштери, малдын жайлоого жөнөтүлүшү сыяктуу оокаттар көктөмдүн келишин чыдамсыздык менен күтүүдө. Бул аралыкта синоптиктердин марттын аягына дейре түзгөн божомолу анчейин көңүл жылытпайт. Кар аралаш жаан-чачын көп болот дешүүдө. Бирок эртең түн менен күн убактысынын тең келүүсү. Нооруз майрамы. Бүгүн түнү менен жер-жерлерде бул жылдан жакшылыгын тилеген эл сүмөлөк кайнатат. Көжө бышырылат. Кыргыздын Жаңы жылы атыккан жаз салтанаты ачык күндүн нуру менен өтөт дешет синопниктер. Борбор шаарыбыз Бишкекте 16 градуска чейин, ал эми өлкөнүн түштүк аймагы 19 градуска чейин жылуу болот...

Казак елбасы Нурсултан Назарбаев Кыргыз ажосу Алмазбек Атамбаевдин дарегине багытталган чымчыма жооп кайтарды. Эске салсак, Кыргыз мамлекет башчысы Европа өлкөлөрүнө барган сапарында 2010-жылкы окуяны эске түшүрүп, ошол кездеги казак бийлигинин чек араны жабуу чечиминен улам адам өлгөн окуялар орун алганын билдирген эле. Бул сөз кыргыз жана казак тараптын Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде көтөрүлүп, таарынычтар айтылып, кийин жазылып, акыры басты-басты болуп тынчыган болчу. “Айтыла турчу сөз эле, айтылып кетти өзү эле” демекчи, Атамбаевдин ал сөзү капилет жерден чыккан эмес. Апрель окуясынан кийин жабылган кыргыз-казак чек арасы бир топ кыйынчылыктарды жаратып, анын ичинде дары-дармектер киргизилбей, жарандар дарыя аркылуу чек араны кесип өтүүгө аракет жасап, мына ошондой окуялардын бири жаш баланын сууга агып кетүүсү менен аяктаган. Буга Назарбаев “эгерде келечекте 2010-жылдагыдай кырдаал кайталанса, биз ошондой эле кадамга барабыз, чек араны дагы жабабыз” деди. Коңшу мамлекеттин башчысы ал мезгилде бир эле Казакстан эмес, Өзбекстан да, Тажикстан да Кыргыз жери менен болгон чек арасын жапканын, буга тигил же бул жак эмес, ошол учурдагы кырдаал себеп болгонун, эки элдин ортосуна көлөкө түшүрүп, бул сөздү кайра-кайра көбүртүп жабырта бербөө керектигин эске салды. Андан ары Назарбаев Абайдын сөзүнө таянып, кыргыз менен казак бир тууган деп, бектер кетсе, эл каларын айтты. “Азыр Кыргыз мамлекетинде кырдаал башкача, бардыгы алмашканы жатат, шайлоо болот. Ушундай абалда мындай учурлар болуп турат” деген Назарбаев сөздү ойлонуп сүйлөө керектигине кеңеш берди. Андан ары Казак өлкөсүнүн президенти кыргыз элине жасаган иштерин тизмектеп, керек болсо, 2010-жылы бийликтен куулган Курманбек Бакиевди да алып чыгып, Кыргыз мамлекетин жарандык согуштан сактап калганын шардана кылып жиберди.

Назарбаевдин сөзүнө карата Кыргыз тараптын реакциясы күттүргөн жок. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын катчылыгы эс алуу болгон ишемби күнү депутаттары Рыскелди Момбеков менен Евгения Строкованын билдирүүлөрүн таратты. Эки депутаттын билдирүүсүндө ток этерин айтканда, казак президентинин сөзү ирээнжиткени, коңшу өлкө убадалаган жардамдын дале келе электиги, Назарбаевдин эл тарабынан кулатылган Бакиевдин режиминин мыйзамдуулугуна басым жасаганы да адам катары кабатыр кылганы жазылган. Бул билдирүүгө байланыштуу бүтүндөй бир мамлекетти башкарган адамдын сөзүнө карата куру дегенде фракциянын башчысы сөз кайтаруусу керек беле деген жүйөлүү суроо туулат. Сөзү менен элди ээрчите ала турган лидерлери эмес, катардагы эл өкүлдөрүн тандашкандыгы партиянын калпыстыгы болду. Ошентип Кыргыз бийлик менен оппозиция болуп эки жээкте тирешип жатканда, коңшу өлкөлөр кантип сүйлөп, кантип жашоо керектигин үйрөтө башташты. Кыскасын айтканда ыркы жок үйдү коногу менен коңшусу бийлейт болуп жатат...

Бишкек шаарындагы сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш белгиленген жолдун жарымына жетпей, 5 катышуучусунун 5 суткага камакка алынышы менен тамам болду. Бул жөө жүрүштү уюштурууда анын маршруту Бишкек ШИИББи менен макулдашылып, бирок жөө жүрүштүн катышуучулары жолду тосуу аркылуу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кармалышканы айтылды. Алардын арасында жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев, Айбек Мырза бар. Кошо кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти кийинчерээк бошотулган. Сөз эркиндигине арналган жөө жүрүштүн буга чейинки оппозициялык маанайдагы протесттик акциялардан айырмасы – анын катышуучуларынын курамында болду. Жөө жүрүш саны жагынан массалык мүнөзгө ээ болбосо да, сапаты жагынан алганда, билимдүү жана прогрессивдүү адамдар чогулушту. Тагыраагы, айрым депутаттардан тышкары жарандык активисттер, укук коргоочулар менен журналисттер катарда болушту. Мындай катмар коомдун активдүү бөлүгү жана кандайдыр бир деңгээлде адатта коомдун пикирин түзө алуучулар болуп саналат. Ушундай түзүмдөгү жана тынчтык максатындагы жөө жүрүштүн үзгүлтүккө учурашы бийлик, анын ичинде укук коргоо органдары каалагандай жыйынтык алып келбеши мүмкүн. Өлкө ичиндеги абалды чыңалтуу, кырдаалды курчутуу маселеси оппозициялык маанайдагы топ менен бирдей деңгээлде бийлик тарабынан да күчөтүлүп жатканы ойлондурат. “Жолго чыгып кетишти” деп эле 5 күнгө камап коюунун зарылдыгы канчалык? Мыйзамдын демейде эмес, ушундай учурда үтүр, чекитине чейин сакталышы тескери эффектти жаратпайбы?..

Икрамжан Илмиянов Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүдөн баш тартканы жатат. Эске салсак, Узар Жылкыбаев Ысык-Көл облусун жетектөөгө кетип, креслосун бошоткон эле. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон Илмиянов 2015-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан, 2016-жылы президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган. Эми минтип КСДПнын тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазды деген сөздөр эмнени билдириши мүмкүн? Бул легендага айланган Илмияновдун Атамбаевди тегеректеген топтордун арасында позициясы алсырап бара жаткандыгынын белгиси болушу ыктымал. Же Илмияновдун мандаттан баш тартуусу - учурдагы Жогорку Кеңештин өмүрү кыска экендигинен кабар берет. Икрамжан Илмияновдон кийин тизмеден орун алган Абдыманап Кутушев КСДПдан чыгуу арызын жазды. Анын жакында гана Жогорку Кеңештин аппарат башчылыгынан депутаттардын сындарынан кийин өз арызы менен кеткени маалым. КСДПнын катары тазаланат деген кабар тараганына караганда жогорудагы арыздар мына ошол тазалануунун башталышы эмеспи деген ойду жаратат. Кезек Аида Касымалиевада. Ал да Жанар Акаев сыяктуу “Азаттык+” берүүсүн алып барып, учурда бийлик тарабынан жектелип жаткан медиа каражатынын журналисти катары элге таанылган. Жаңы депутат партияга баш оорутуу жаратабы же жокпу, аны жакынкы сессиялардын жыйынтыгы аныктайт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан