Нооруз майрамында Бишкек шаарынын бир нече бөлүктөрүндө ар кандай иш-чаралар уюштурулду (фото)

Бишкек шаардык мэриясы уюштурган шаардын ар кайсы бөлүгүндөгү иш-чаралар соңуна чыгып бүттү. Массалык маалымат каражаттары атайын тур менен бардык иш-чараларга барып катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан тышкары Нооруз майрамына карата шаардык ат майданында Көк бөрү улуттук оюнунун финалы орун алмакчы.

14:07 Мектеп окуучулары "Ак тамак, көк тамак" күүсүн ойноого даярдык көрүшүүдө. "Биз бул күүнү жогорку деңгээлде аткарабыз. Анткени буга чейин даярдыгыбыз жакшы болчу" дейт комузун колго алган Ажар Кадырова.

14:05 Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына кичинекей балдар, өспүрүмдөрдөн тартып улуу муундагы адамдар келишкен. Бул жерде да боз үй тигилип, дасторкон жайылып, түрдүү даамдар коюлган.

14:00 Октябрь районунун акими Нурбек Курманбеков: "Майрамдын урматына Октябрь району чоң даярдыктарды көрдү. Карылардын да, жаштардын да маанайларын көтөрүү аракетин жасадык. Учурда ыр-бий уланып жатат. Элибизде ынтымак, ырыскы болсун. Кыргыз жергеси гүлдөп өсүшүн каалайм", - деди..

13:58 Нооруз майрамына карата саамалык Дайыр Асанов атындагы сейил бакта өткөрүлүп жатат. Шаар тургундарына концерттик программа тартууланууда. Өзбек элинин улуттук бийи аткарылды.

13:09 Ленин районунун акими Нурдин Тынаев Бишкек шаарынын жашоочуларын жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап: "Элибизде тынчтык болсун. Токчулук болсун. Өлкөбүздө өсүп өнүгүү каалайм. Биз майрамга кызуу даярдандык. Атайын концерттик программалар уюштурулду", - деди.

12:57 Концерттик программадан сырткары жаш спортчулар арасында мелдештер өткөрүлүп жатат.

12:51 Салтанаттын жүрүшүндө Умай эне аластап, аруулукту чакырды. Ал эми баба дыйкан жалпы журтка батасын берип, үрөн септи.

12:45 Филармониянын алдындагы көргөзмөгө кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары коюлду. Эки боз үй тигилди.

12: 43 Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Нооруз майрамына карата салтанат уланууда. Эстрада ырчысы Кубаныч Сатаев "Ак бата" ырын ырдап жатат.

12:08 Бишкек шаарынын борбордук аянты "Ала-Тоодо" майрамдык концерт жүрүп жаткан учурда Бишкектин башка бөлүктөрүндө да иш-чаралар уюштурулмакчы. Аянттагы айрым көрүүчүлөр жана өкмөт өкүлдөрүнөн бир катар инсандар Т.Сатылганов атындагы филармонияда өткөрүлүүчү иш-чарага сапар алышты.

11:57 Майрамдык иш-чараны көрүүгө болжолдуу 5 миңдей адам келген. Эс алуучулардын маанайы жогору экенин көрүүгө болот. Арасынан Зууракан Курбанбаева: "Элибизде токчулук болсун. Мекенибизде тынччылык болсун. Мен Нооруз майрамын тосууга Өзгөн районунан келдим. Жалпы кыргыз элинде өсүп, өнүгүү болсун", - деген тилектерин айтты.

11:48 Учурда эстрада жылдыздарынан бир катар ырчылар жана топтор ыр аткарышып, бий менен коштолууда. Нооруз майрамы, жаз мезгили, Кыргыз жергеси жана эли тууралуу патриоттук ырлар аткарылууда. "NonStop" дуэти "Бишкек" ырын аткарды.

11:38 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикеринин атынан вице-спикер Данияр Төлөнов сөз сүйлөдү. Каалоо-тилектер аяктаган соң, жетекчиликти өз ордуна узатып, майрамдык салтанат ачык деп жарыяланды. Комузчулар оркестри улуттук күүлөрдөн чертүүдө. Күү чертүүнү улай эстрада ырчылары Актан Исабаев менен Ырыскелди Осмонкулов ыр аткарышууда.

11:24 Сахнага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн чыкты. Андан кийин Кыргыз Республикасынын президенттик Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков сөз сүйлөөгө чыкты. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Кийинки сөз КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбековго берилди.

11:19 "Нооруз" ырын сахнада эстрада ырчылары Курал Чокоев, Урмат Усенов, Нена жана Неля ырдап жатышат. Ырчыларды коштоп бийчилер тобу бийлешүүдө.

11:11 Аянттын дагы бир бөлүгүндө кыргыз айылын чагылдырган көрүнүш менен жаштар селкинчек тээп жатышат. Ал эми жаштардын дагы бир тобу "Ак терек, көк терек" оюнун ойноп жатышат. Кыргыздын улуттук оюндарын чагылдырган иш-чара элдин кызыгуусун арттырууда. Театралдаштырылган оюн-зоок менен катар Умай эне аластоо салтын көрсөтүүдө.

11:05 Баба дыйкандын түшүм мол болсун деген тилектери айтылып, дыйкандар жерге үрөн сепкен сахналык көрүнүштөр аткарылууда. Ага улай өспүрүм кыздар кыргыз бийин бийлеп жатышат.

10:58 "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салтанаттын официалдуу бөлүгү башталды. Программанын алгачкы бөлүгү балдардын ыр-бийи аткарылып жатат. "Салтанатты чагылдырууга 30дан ашуун массалык маалымат каражаттарынан 100дөй журналист катталды", - дейт мэриянын басма сөз кызматы.

10:38 Аянттагы салтанатты көрүү үчүн келгендердин саны көбөйүүдө. Алдынкы катарда эмгектин, согуштун ардагерлери, пенсия жашындагы карыялар жана энелер отургузулду. Шаардын жашоочулары жана коноктор агылып келишүүдө. Ошол эле учурда буюм-тайымдардын жана тамак-аштардын дипломатиялык көргөзмөсүнө келгендердин саны да арбып жатат. Көргөзмөгө Кыргыз жергесиндеги 17 өлкөнүн элчиликтери катышууда.

10:32 Аянттагы коопсуздукту "Тез жардам", өрткө каршы кызматы, милиция кызматы көзөмөлдөөдө. "Ала-Тоо" аянтына салтанатка келгендерди атайын жабдыктын жардамы менен текшерип өткөрүүдө. Милиция кызматкерлери аскердик иттер менен да текшерип жатышат. Көзөмөл тыкыр жүргүзүлүүдө.

10:23 Бул учурда аянттын башка бөлүгүндө дипломатиялык көргөзмө өтүүдө. Дипломатиялык көргөзмөдө ооганстандык Мухамбет Аллах ал жактагы Нооруз майрамы жөнүндө айтып берди. Ооганстанда да Нооруз майрамы белгиленет. Аталган өлкөнүн өкүлдөрү көргөзмөгө улуттук тамак-аштарын, буюмдарын алып чыгышты. "Бизде да бул майрам байыртан белгиленет. Бизде да сүмөлөк бышырып жакшы тилектерди айтабыз", - деди ал. Алардын улуттук тамагы - адесиз, картошка, пияз, күрүч, эт, май менен жасалат.

10:15 Эркиндик гүл багында оркестрдик топ комуз, кыяк, чоор, гитаранын коштоосунда кыргыз күүсүн ойноп майрамдык салтанатты шаңга бөлөдү.

10:10 Иш-чарада сөз алып сүйлөгөн Белорусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Кыргыз өлкөсүнө өнүгүп өсүүнү, тынчтыкты каалады. Көргөзмөнүн жүрүшүнө Кыргыз өлкөсүндөгү ар мамлекеттин элчиликтеринен өкүлдөр катышууда. Алар тамак-аштардын жана түрдүү буюмдар көргөзмөсүн уюштурууга катышышты.

10:03 Эркиндик гүл багында уюштурулган көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Албек Ибраимов жалпы катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктады. Майрамдык салтанаттуу кече ачылды.

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган Нооруз майрамын тосууга багытталган салтанатка шаар тургундары чогулуп баштады. Таң эртеден түрдүү буюмдардын көргөзмөсү Эркиндик гүлбагында уюштурулду. Шаардын борбордук бөлүгү менен катар Бишкектин башка аймактарында да түрдүү майрамдык кечелер, оюн-зооктор уюштурулмакчы. SUPER.KG порталы шаардыктардын жана коноктордун майрамдык маанайын түз алып чагылдырмакчы.

Бишкек мэри Нооруз майрамы менен куттуктады. 2017
Бишкектеги Нооруз майрамы (21.03.17)
Бишкектеги Нооруз майрамы (21.03.17)
Бишкекте Нооруз майрамы белгиленди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kanykey125
2017-03-21 11:06:53
Нооруз майрамыныздар менен!Токчулук молчулук,тынчтык болсун !!!
+3
557
2017-03-21 14:59:03
Ажобуз каякта шеф
0
ekaterinburg
2017-03-21 15:40:26
Майрамынар менен Урматтуу Кыргыз калкым!Нооруз майрамындай силерди ар дайым жашоонордо ыр,бий,жакшы маанай,кулку коштоп журсун!Элибизде токчулук болсун,молчулук болсун,ынтымак-ырыс болсун.Ар бир уйдо шаан-шокот,той-топур,дегеле жакшылык эле болуп турсун!Ооомийин.

0
suidum.96
2017-03-21 17:54:41
Кечинде да концерт болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан