SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөмдү ойношу менен тутуп алдым" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Талант экөөбүздүн турмуш курганыбызга 5 жыл болду, ортобузда 3 жаштагы кызыбыз бар. Күйөөм көбүрөөк ичет. "Аракты таштаса эле болду, биз бактылуу жашайбыз" деп үй-бүлө түйшүгүн өз моюнума алып, иштеп келгенмин. "Эгер дагы төрөсөң, мен аракты таштайм" дегенинен, үзүлбөгөн үмүт менен боюмда болду. 7 айлык болуп калганда Таланттын телефонунан Айнуранын (ойношу) СМСин окуп калдым. Көрсө, анын да боюнда бар экен. Талант "алдыр" десе, акча жоктугун, анан "бир айласын табарбыз" деп СМС жазышыптыр. Айнураны тааныйм, 4 ай мурда "үйгө батирчи кылып албайлыбы" деп, ээрчитип келген эле. Жумуштан келсем, бир досу аялы менен Айнура, Талант төртөө арак ичип отурушуптур. Жүрөгүм сезсе да, сыр бербей баарын коноктоп, узаткан элем. Бир күнү күйөөмдүн мейманканада экенин, дарегин кокусунан билип калып барсам, досу эшик ачты, ичинде Айнура, Талант отурат. Дүйнөм аңтарылып кеткендей болду, өзүмдү кармай албай кыйкырып, Талантты муштагылап ыйлап кирдим. Айнураны муштаганга жеткиришкен жок. Кайра чуркап чыктым, көз жашым көл болуп, заманам куруп бара жатты. Жашоомо нааразы болуп, балдардын убалы, айрыкча, "боюмдагынын убалы соо койбостур" деп үйгө келип, көпкө ыйладым. Ошондон бери Талантты үйгө киргизбей койдум. Угушума караганда Айнураны 2 айлык боюнан алдыртыптыр. Кечирим сурап, "балдарымдан ажыратпа, жакында төрөйсүң, бирге бололу" деп күндө жазат. Кыздарымды ойлосом, заманам куруйт. Бирок Таланттын аракты, кыздарга барганын коё турганына көзүм жетпейт. Кыз жандуу эркек. Азыр декреттемин, иштеп турсам ишке алаксып, мынчалык кыйналбасам керек эле. Бирок кыздарымды "атасыз" дегени болбосо, өзүм чоңойтуп, бакканга кудуретим жетет деп ойлойм. Жардам бериңиздерчи, канткенде туура жолду тандаган болом?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Колдо бар бакыттын баркын билбей, эркектер кээ бирибиз ушундай "ит" болот экенбиз. Бүлө бузулганда анан көзүбүз ачылып, кылган кылыгыбызга өкүнөбүз. Биринчи жолкусу болсо кечирип кой, үй-бүлөңдү сактап кал. Эгер мурда да ойноштору менен кармап жүрсөң, анда кечирбе, аны менен жашоону токтот".
"Ата-энеңизди жана кайын эне, кайын атаңызды, бүт туугандарды чакырып туруп, "жашагың келсе, туугандардын алдында сөз бер, жашагың келбесе, ушул жерден талак бер деп бетине коюп бериңиз. Балким, туугандарынан уялганынан ичкиликти, көчөгө басканын таштайт. Сабырдуу болуп, туура чечим чыгарыңыз, ачууга алдырбаңыз. Ажырашсаңыз өзүңүз эле "ажырашты" деп сөз болосуз".
"Эртең төрөсөңүз, баары жакшы болуп кетет. Сиз да күйөөңүздүн уюлдук телефонун чукулабай эле коюңуз, тынч жашайсыз. Заман курубай эле эл куруп, заман бузулбай эле эл бузулуп жатат. Жаман болсо да, атасынын болгону жакшы. Өксүк чоңойбосун кыз балдар. Эркек мээримине зар болуп өскөн кыздар, тилекке каршы, балдарга бат эле алданып калат".
"Мындай эркектин барынан жогу, катуу тийсе кечирим сурайм. Жолдошуңуз ичсе, ойносо, жарытылуу акча таппаса, бир гана үйдө ыштан бар болушу үчүн кармоо зарылбы? Өзүңүз акыл калчап, шашпай ойлонуп көрүңүз. Балдар эртең эле эр жетет, сиз "багып кете алууга күчүм жетет" деп жатасыз, энергияңызды, нервиңизди сизди сыйлабаган эркекке коротпой, аларды өзүңүзгө жумшаганыңыз оңдур? Себеби ичкилик бул оору, бирөө менен жүрүү деле оңой менен тыйылбаган адат. "Балдарым жетим калбасын" деген менен, экөөңүздөрдүн мамилени көргөн кыздар жакшы үлгү алат дейсизби?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.