20-мартта Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү куткаруучулардын кыштоосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан дагы куткаруучулар жиберилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Куткаруучулар тоолуу шартта керектелчү техника менен камсыздалышкан. Алар барууга кыйын болгон жерлер менен байланышта болуу үчүн өзгөчө кырдаал абалынан чыкканча кыштоолордо болушат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Буга чейин Ат-Башы районунун тургундарына 370 шифер берилген. Ал эми 19-мартта Ак-Муз айылындагы, 20-мартта Өзгөрүш айылындагы көчөлөрдөгү кар тазаланып бүткөнүн кабарлашты министрликтен.
"Торугарт-Көк-Кыя-Кында жолунун 60 чакырымы тазаланды, тазалоо иштери дагы да уланууда", - деп кошумчаланат маалыматта.