Бүгүн, 21-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамынын урматына карата элдик эс алуулар өттү. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышты.
"Майрамга карата К.Жантөшов атындагы облустук театрынын актёрлору тарабынан театралдаштырылган оюндар, концерттик программа көрсөтүлдү. Ошондой эле облустук мекемелер орноткон боз үйлөр арасында сынак орун алды. Ал эми жарманкеде жергиликтүү усталардын колунан чыккан буюмдар, бал, сүт, нан азыктары коюлду", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өткөнү белгилүү болду.