Баткен облусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Баткен шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамында алгач түнкүсүн кайнатып бышырылган сүмөлөк таратылып, андан соң улуттук тамак-аш көргөзмөсү болду. Майрамдык салтанат театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду. Андан соң спорттук оюндар менен улантылды.

"Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынынын вице премьер-министри Чолпон Султанбекова, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана кошуна Өзбек жана Тажик Республикаларынын өкүлдөрү кыргыз элине куттуктоо сөздөрүн айтышты. Облус жетекчиси кыргыз элин тынчтык, ынтымак, биримдик, ак эмгекке чакырган аруу каалоо-тилектерин айтты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан