Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кар көчкү түшүп, оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү 21-мартта кечки саат 20:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында түшкөн. Болжол менен кардын көлөмү 5760 метр кубга жетет. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан улам кечки саат 21:00дө Чүй облусунун Сосновка постунан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Арал постунан оор жүк ташуучу унааларга каттоого чектөө киргизилген.