Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы белгиленген соң аянттан жана анын тегерегиндеги аймактан 30 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
"Майрамга карабастан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тазалоо иштерине саат 21:00дө чыгып, түнкү саат 2ге чейин иштешти. Шаарды тазалоо иштерине 60 кызматкер чыгып, 5 даана техника тартылып, 3 суу чачып жуучу унаа иштетилди", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Учурда кадимки иш тартипте Бишкек шаарын тазалоого "Тазалык" кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери да чыгышканы белгилүү болду.