SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алмазбек Атамбаевди ким колдойт?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мен колдойм. Эң жакшы ажо, экономиканы жакшы түшүнөт".
"Бюджеттин биринчи звеносу болгон салык системин жөнгө салды".
"Мен колдобойм, өтө куу, амалкөй президент ушул болду. Өздөрү мыйзам бузса эч нерсе эмес, башкалар мыйзам бузса "закон" деп туруп алышты. Туугандарды бийликке жолотпойбуз дегени менен, бийликте бүт өзүнүн эски достору, жакын санаалаштары. Иштейби, иштей албайбы анысына караган жок".
"Акайыч" 15 жыл отурду падыша болуп, "Назарбайыч" казактардын ханы болгонуна 30 жыл болду. Өлкө башчысы алмашып турушу керек, революция аркылуу эмес, шайлоо аркылуу. Антпесе өлкө башчыларында президенттикке "менден кыйын адам жок тура" деп, "мания величия" ойгонуп кетет".
"Свет А. Атамбаевге чейин 70 тыйын болсо, азыркы учурда 2 сом 16 тыйын".
"Светке, газга акы, жер үлүштөрүнө, унааларга салыктар көтөрүлүп жатат, а пенсияга болсо Атамбаев келгенден бери болгону 200 сомдон кошулуптур".
"Өлкөдөгү "мен-мен" деген радио, телеканал, ММКларды чогултуп эл менен түз эфирде суроо-жооп кыла албайт (себеби жөнөкөй, элдин суроосуна жооп бере албайт). "Ала-Тоо" аянтына элди чогултуп курултай өткөрө албайт. Жалданма журналисттер менен паркта гана жолуга алат. Түштүк регионуна бут басып келе албайт (келет бир университетте студенттер менен жолугуп коюп кетет, студенттер көңүл деле бурбайт, сессиянын айынан барышат)".
"Алмазбек Атамбаев 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоодон кийин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын бир нече жолу айтканын да эске сала кеткибиз келет. 2017-жылдагы шайлоодон кийин президент чыгармачылык менен алектенүүгө ниеттенүүдө", - дешти президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү".
"Мен колдойм, себеби ар ким эле ажо боло бербейт, бул дагы Кудайдын буйругу".
"Акыркы күндөрү сөздөрүнө күлбөй коюуга мүмкүн эмес. "Текени да байлап коюш керек" дегенде "жыгылып" калдым го, чиркин. Эми муну кимге тийиштирип айтты, бир өзү билет".
"Элдин пейилине жараша ажо берилет" дейт, "жаман" дей берсек, анда Кудайга каршы чыккан болуп калабыз. Андан көрө баарыбыз ыймандуу, сабырдуу жана акыл-эси жайында ажо келсин" деп тилек кылалы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.