Таш-Мойнок айыл аймагынын жашоочусу Табыш Кожобаев мурунку айыл башчысы Мирлан Ракишевге козголгон кылмыш иши каралбай жатканын бүгүн, 22-мартта маалымат жыйында айтты.
Кожобаев бул иш боюнча жооптуу органдарга кайрылганын айтып, бирок жыйынтык болбогонун кошумчалады.
“Ракишевге алдамчылык, коррупция, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бирок Аламүдүн райондук соту тарабынан каралбай жатат. Мурда мен Беш-Күнгөй айылында сатылып кеткен жерлер боюнча маселени көтөрүп чыкканда, 2015-жылдары айыл башчы менин үйүмдүн алдына 60 адамдын катышуусунда митинг уюштурган. Алар менин көчүп кетүүмдү талап кылышкан. Андан кийин көп өтпөй үйдөн өрт чыккан. Бул боюнча мен укук коргоо органына кайрылгам. Сот эч кандай чыгым, кыйроолор болбогонун айтып, ишти жапкан. Аким, соттор бардыгы Ракишев тарапта болгондой. Ошондуктан президент Алмазбек Атамбаев бул ишке чара көрөт деген үмүтүбүз бар”, - деди ал.
Мындан тышкары ал райондук, облустук гезиттер булардын үнүн укпай жатканына нааразы болду.