10 айлык Доминик 6 сааттык операциядан кийин өөрчүбөй калган эгизинен ажыратылды

Кот-д’Ивуарлык 10 айлык Доминик 6 сааттык операциядан кийин өөрчүбөй калган эгизинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда Доминик өзүн жакшы сезип жатат. АКШнын Иллинойс штатындагы Парк-Ридждин балдар ооруканасынын хирургдары аны кечээ, 21-мартта көрсөтүштү.

"Кыз 4 бут, 2 арка менен төрөлгөн. Анын моюну жана аркасынан өөрчүбөй калган эгизинин дене мүчөлөрү чыгып турчу. 5 хирург жасаган 6 сааттык операция 8-мартта болгон", - деп жазышкан маалымат булактар.

Дарылануу убагы бүткүчө Доминик асыроочу үй-бүлөдө болот, андан соң үйүнө кайтары маалым болду.

Хирургдар Доминиканын ашыкча дене мүчөлөрүн алып салышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан