Эртең оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулат

Эртең, 23-мартта Бишкектин айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 9:00дөн 19:00гө чейин "Батыш-2" суу алгычын оӊдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Аларга Темир жол аймагы, Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрү кирет.

"Бишкек суу канал" башкармалыгы шаар тургундарын, мекеме, уюмдарды кошумча таза суу камдап алууларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан